Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 5-июну № 203-б
Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин төмөндөгү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:
Шамшиев Насирдин Шамшиевич | - | макроэкономикалык саясат башкармасынын начальниги; |
Мамырбаев Канай Абдыракунович | - | техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармасынын техникалык регламенттер жана стандарттар боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Кубаталиев Төлөгөн | - | Түндүктөгү регион аралык башкарманын бухгалтердик эсеп, кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; |
Шарапов Равшанбек | - | Түштүктөгү регион аралык башкарманын Жалал-Абад региондук бөлүмүнүн начальниги. |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталарын даярдоого чыгымдар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин каражатынын эсебинен каржылансын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |