Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-декабры № 301
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда өз ара байланышта иштешүүнүн тартибин иштеп чыгуу, берилүүге тийиш болгон маалыматтардын тизмесин жана маалымат алмашуунун механизмин аныктоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Кутманов Нурболот Осмонович - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Асанов Курсан Сатарович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Убалиев Эльдияр Маматжанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болсо мамлекеттик органдардын адистерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен оз ара байланышта иштешүүнүн тартибин, берилүүге тийиш болгон маалыматтардын тизмесин жана маалымат алмашуунун механизмин иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |