Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-июну № 253-б
Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмери Акун Токтосартовдун 70 жылдыгына арналган иш-чарларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Шакиев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
|
Жээнбеков С.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Абдиев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Байымбетов С.К. | - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким;
|
Усубакунова А.И. | - Бишкек шаарынын вице-мэри;
|
Султанбаева А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;
|
Орунбеков Б.О. | - «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактор;
|
Осмонов М.О. | - «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору;
|
Тухтаматов Б.А. | - Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрынын директору;
|
Раимжанов А.Р. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз гемотология илимий борборунун директору;
|
Оторбаев К.Т. | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Шаршенбаев М.С. | - Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Турапов К.Ы. | - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
|
Битюков А.И. | - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (макулдашуу брюнча);
|
Орхан Инанды | - «Себат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти (макулдашуу боюнча);
|
Казаков Т.Т. | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын атайын долбоорлор боюнча башкы редактору (макулдашуу боюнча). |
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бир айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |