Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 2-сентябры № 382-б
2011-жылдын 3-сентябрында Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) болотурган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү төмөнкү документтердин тиркелген долбоорлоруна макулдук берилсин:
- Аба кемесин барымтага алгандыгы (айдап качкандыгы) жөнүндө маалыматты алганда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин күчтөрүнүн асман чабуулунан коргонуу боюнча нөөмөтчүлөрүнүн аракеттерин уюштуруу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу -мамлекеттердин элдеринин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдигин жана каармандыгын түбөлүккө калтыруу жөнүндө макулдашуунун долбоору.
Премьер-министр | А. Атамбаев |