Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-апрели № 157
Нормативдик укуктук документтер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмалары, ишканалардын, уюмдардын жана жарандардын каттары, нормативдик укуктук актылардын долбоорлору менен иштөөнү тартипке салуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлгөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын төмөндөгү кызматчыларынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен берилген жазалар алып салынсын:
Абдикаримов Сабиржан Токтосунович | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
|
Абдрашев Акунжан Баказович | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
|
Аргынбаев Артвай Гапырович | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору;
|
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агентгактин директору;
|
Баетов Батыркул Исаевич | - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин статс-катчысы;
|
Давлеткельдиев Арстанбек Абдыкулович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
|
Каратаев Мадамин Мусаевич | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
|
Курманалиев Капар Зарлыкович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
|
Мамбетов Марат Авалович | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
|
Мамбетов Казымбек Бейшенбекович | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
|
Ташбаев Учкун Азизбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
|
Тойчубеков Юруслан Жуманович | - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы. |
Премьер-министр | И. Чудинов |