Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-майы № 159
Трансчекаралык Каркыра дарыясынын суу-энергетикалык ресурстарын пайдаланууга байланыштуу маселелерди казакстан тарап менен талкуулоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда эксперттик топ түзүлсүн:
Камчибеков Р.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин башкы директору, топтун жетекчиси. |
Эксперттик топтун мүчөлөрү:
Алышбаев К.К. | - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Аламанов С.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы;
|
Кемелова Д.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директорунун орун басары;
|
Апасов Р.Т. | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин тышкы байланыштар жана Мамлекеттик инвестициялар программасы бөлүмүнүн начальниги;
|
Жайлообаев А.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин сууну мамлекеттер аралык бөлүштүрүүнүн суу пайдалануу жана суу ресурстары бөлүмүнүн начальниги;
|
Сарыбаев А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин Ысык-Көл суу ресурстарынын бассейндик башкармалыгынын начальниги;
|
Кичибаев А.Н. | - «Кыргызсуудолбоор» ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Керимкулов С.К. | - Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким. |
2. Эксперттик топ талкуулоонун жыйынтыгында ушул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна макулдашылган сунуш киргизсин.
3. Эксперттик топ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана башка мекемелеринин тийиштүү адистерин белгиленген тартипте өзүнүн ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Премьер-министр | И. Чудинов |