Редакцияот 19.10.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 19-октябры № 605-б

Бишкек шаарында 2009-жылдын 19-октябрынан 15-ноябрына чейин "Энергетикалык секторго шашылыш жардам көрсөтүү" долбооруна кошумча каржылоону бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

Давыдов И.А. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, делегациянын жетекчиси;

Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жардам берүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги;

Байгөнчөков М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы жардамды координациялоо жана эл аралык кызматташтык боюнча башкармалыгынын начальниги;

Балкибеков С.Э. - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Данилов Ю.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Курманбеков Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орунбасары.

2. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрине сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов