Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-августу № 250
2008-жылдын 11-октябрында Беларусь Республикасынын Президенти А.Лукашенконун Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген Беларусь Республикасынын тажрыйбасынын негизинде Кыргыз Республикасында Жогорку технологиялар паркын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө келишимдерди ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасында Жогорку технологиялар паркын түзүүнүн долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Сулайманов Н.Ч. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Жапаров А.Ү. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
|
Султанов М.А. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Мусаев А.И. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
Акматов Н.О. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
|
Келдибеков А.К. | - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
|
Эшалиев Т.М. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Калимбетова Т.Б. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Давлетов Э.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
|
Үкүев Б.Т. | - Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору;
|
Бакенов А.С. | - Улуттук маалыматтык технологиялар борборунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Абакиров А.Д. | - Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Ниязов Э.Т. | - Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар ассоциациясынын эксперти (макулдашуу боюнча);
|
Самыкбаева Л. | - «Интернет саясатынын жарандык демилгелери» коомдук фондунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Бөрүбаева А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Байланыштар жана маалыматташтыруу башкармалыгынын маалыматташтыруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун катчысы. |
2. Жумушчу топ үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасында Жогорку технологиялар паркын түзүү жана иштетүү боюнча зарыл мыйзам долбоорлорун жана нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына макулдашылган сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисине мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин белгиленген тартипте ишке тартуу, ошондой эле алардан зарыл маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |