Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 20-июну № 233-б
Кыргыз Республикасынын энергетикалык инфратүзүмүн жана электр энергетикалык тарамдарын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору боюнча насыялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Насыялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |