Редакцияот 26.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 26-июну № 238-р

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т.Д. Сарпашевдин жана Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрүнүн 2014-жылдын 7-12-июнунда Монголияга, ошондой эле 2014-жылдын 23-26-июнунда Сауд Аравия Королдугуна жумушчу визиттерине байланышкан чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 697 212 (алты жүз токсон жети миң эки жүз он эки) сом акча каражаттары бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев