КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-майы № 155-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын жана коомдун өз ара аракетин жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашырууга мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин белгилөө, аларды акыркы натыйжаларга жетишүүгө багыттоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугуна коомдук контролдоо жана мониторинг жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын максаттарына жана милдеттерине жетүү боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин 2014-жылга Иш-аракеттеринин/милдеттенмелеринин пландарын (мындан ары - Өкмөттүн Программасынын максаттарына жана милдеттерине жетүү боюнча Иш-аракеттердин/милдеттенмелердин планы) бекитүү жөнүндө демилге жактырылсын.
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- Өкмөттүн Программасынын максаттарына жана милдеттерине жетүү боюнча Иш-аракеттердин/милдеттенмелердин пландарын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет, мамлекеттик органдын жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү вице-премьер-министри кол коет;
- алынган милдеттенмелерди аткаруунун сапаты, толуктугу жана өз убагындалыгы мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугуна жана майнаптуулугуна жекече берилген баа болуп эсептелет.
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери:
- Өкмөттүн Программасынын максаттарына жана милдеттерине жетүү боюнча жеке Иш-аракеттеринин/милдеттенмелеринин пландары жөнүндө коомчулукка маалымдоо боюнча медиа-пландарды иштеп чыгышсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын максаттарына жана милдеттерине жетүү боюнча иш-аракеттердин/милдеттенмелердин пландарын мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жайгаштырышсын;
- ай сайын коомчулукка Өкмөттүн Программасынын максаттарына жана милдеттерине жетүү боюнча иш-аракеттердин/милдеттенмелердин пландарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө, анын ичинде ЖМКларга жарыялоо жана интервьюлар, ошондой эле мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жайгаштыруу аркылуу маалымат беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин алган милдеттенмелерин аткаруу боюнча ишине элдин мамилесин аныктоо максатында социалдык сурамжылоолорду дайыма уюштурсун.
5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери тейлеген тармактары боюнча Өкмөттүн Программасынын максаттарына жана милдеттерине жетүү боюнча иш-аракеттердин/милдеттенмелердин планын сапаттуу жана өз убагында аткарууну координациялоо жана камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлерине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |