КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 27-майы № 188-б
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имараттагы аянты 69,2 кв.м. жайды "Мурас" Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын фондуна коммуналдык жана эксплуатациялык кызматтарга төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында белгиленген тартипте берсин.
2. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2012-жылдын 15-октябрынан тартып колдонулат.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |