КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 8-июлу № 256-б
1. Расмий тилде тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013 жана 2014-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ушул Макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |