Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 20-апрели № 227
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасындагы кырдаалды иликтөө, эркиндигинен ажыратылган жерлерде соттолгондордун жазаларды өтөө шарттарын жакшыртуу боюнча социалдык-экономикалык жана мыйзамдык чараларды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Молдошев З.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Ералиев Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Токобаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору; |
Качкыналиев К.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Жумакадыров Э.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары - Күзөт жана конвой менен коштоо департаментинин начальниги; |
Нурмухамбетов З.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча); |
Алиев Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын Республикалык радио-телеборборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Колопов А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин Аппаратынын пенитенциардык мекемелерде жана алдын ала камакка алуу жерлеринде адам укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн инспектору (макулдашуу боюнча); |
Исмаилова Т.А. | - | "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Новак М. | - | Бишкектеги ОБСЕ борборунун жазык аткаруу системасын реформалоо маселелери боюнча кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Жунушев М.Т. | - | коомчулуктун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Муканбаева Д.А. | - | көз карандысыз укук коргоочу (макулдашуу боюнча); |
Садык-Акун-Оглы Ш.Н. | - | коомчулуктун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Токоев К.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Керимкулов И.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ГУПОМСнын начальниги; |
Ташиев Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттигинин директорунун орун басары; |
Игонин Ю.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин экономиканы мобилизациялык даярдоо секторунун башчысы; |
Кожобергенов Н.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппаратты каржылоо башкармалыгынын начальниги; |
Сагынбаева Д.З. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын начальниги; |
Турдумамбетов К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сотто мамлекеттик айыптоону колдоо боюнча башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Абдазов Т.А. | - | "Кыргыз Республикасынын Адвокаттар союзу" КБсынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Донис И.Е. | - | "Комсомольская правда в Кыргызстане" гезитинин кабарчысы (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссия 2011-жылдын 30-апрелине чейин жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы түзөтүү мекемелерине комиссия мүчөлөрү келген учурда комиссия мүчөлөрүнүн жана комиссиянын ишине тартылган башка адамдардын коопсуздугун камсыздасын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |