Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2011-жылдын 25-апрели № 236

Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2011-жылдын 26-29-апрелинде болуучу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын 6-жолугушуусуна катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Атаханов Шамиль

Есенжанович(**)

 

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;

Осмоналиев Сагынбек

Арстанбекович(**)

- Кыргыз Республикасынан ШКУнун улуттук координатору;

 

Мусаев Көлбай

Алишерович(**)

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;

 

Бедаш Виктор

Владиславович(*)

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору;

 

Арстанбеков Акылбек

Советбекович(**)

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы.

 

(*) командировкага 26-29-апрелинде жиберилет;

(**) командировкага 28-29-апрелинде жиберилет.

2. Командировка менен байланышкан чыгымдар жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановго жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев