Редакцияот 16.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

БУЙРУК

2013-жылдын 16-декабры № 259

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 1-февралындагы № 24 буйругу менен түзүлгөн эксперттик жумушчу топтор өткөрүүчү сот адилеттигин жүргүзүүдө процесстик жана башка укук ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдардын долбоорлорун даярдоонун кыйла көлөмдүү экендигин эске алып жана алардын жоболорун, анын ичинде укуктун чектеш жактарын сапаттуу жеткире иштеп чыгуу максатында, ошондой эле алардын иштөө мөөнөттөрүн 2014-жылдын 1-мартына чейин узартуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө аталган топтордун сунуштарын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин жогоруда аталган буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пункттун бешинчи абзацында "2013-жылдын 1-декабрынан" деген сөздөр жана цифралар "2014-жылдын 1-мартынан" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин Аппаратынын Жетекчиси:

 

Д.И.Нарымбаев