Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 15-июлу № 263-б
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын:
- Япония Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарынын долбоорлору;
- "Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-тейлөө техникалар менен жабдуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган документтердин долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |