Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 15-июлу № 264-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарынын расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоорлору жана "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA, Япония) ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |