Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-июлу № 282-б
1. Бишкек шаарында 2009-жылдын 30-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык бирликтин ортосундагы "Айыл инфратүзүмүн өнүктүрүү жана социалдык реинтеграция (Кыргыз Республикасынын Фергана өрөөнү)" деген каржылоо жөнүндө макулдашууга № 2 толуктоонун расмий тилде тиркелген долбоору (расмий эмес котормо) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан жогоруда аталган № 2 толуктоого кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |