Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 31-июлу № 296-б
Ак ниет эмгеги үчүн, Кыргыз темир жолунун негизделген күнүнүн 90 жылдыгына жана кесиптик майрамы - Темир жолчулар күнүнө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын төмөнкү кызматкерлери сыйлансын:
Асылбеков Саирбек | - | электр энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо филиалынын техникалык документтер боюнча начальниги; |
Бектемиров Улан Санжарович | - | локомотив чарбасы боюнча филиалынын тепловоз машинисти; |
Горсткина Ольга Васильевна | - | вагон чарбасы боюнча филиалынын "Бишкек-1" бекетинин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн оператору; |
Исмаилов Ширван Ханалиевич | - | темир жол обьекттерин жана ташылуучу жүктөрдү аскерлештирилген кайтарууну камсыздоо боюнча филиалынын бөлүм начальниги; |
Кравцова Лариса Федоровна | - | көпүрө куруучу отряддын башкы бухгалтери; |
Нуянзина Людмила Степановна | - | маалыматтык-эсептөөнү камсыздоо боюнча филиалынын экинчи категориядагы бухгалтери; |
Сенкулова Бегаим Артельбаевна | - | жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалынын поезддик бригадаларынын нарядчиги; |
Солпуев Жетимиш | - | жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча филиалынын шаарга жакын жана жергиликтүү каттамынын вагондорунун узатуучусу; |
Шаиев Абдулажан Мамасалиевич | - | Түштүк бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; |
Шамырканов Каныбек Осмонович | - | жүктөө-түшүрүү иштерин камсыздоочу филиалынын "Аламүдүн" өндүрүштүк участкасынын штабель төшөөчүсүнүн машинисти. |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталарын даярдоого кеткен чыгымды каржылоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын каражатынын эсебинен ишке ашырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |