Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7 августу, № 320-б
Арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо , бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасына коюлган доолор боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгүнө борбору (мындан ары – Борбор) кыска мөөнөттө:
- арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо , бейтарап соттордо жана башка адистештиртлген соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасына коюлган доолор боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн юридикалык компанияларды тандоо боюнча кызыкдар министрликтердин, администрадивдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өкүлдөрүнөн ведомстволор аралык тендердик комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлсүн;
- көмөк көрсөтүүдө кызыкдар министрликтер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана уюмдар юридикалык компанияларды тандоо үчүн техникалык тапшырмаларды (адистикти) иштеп чыксын;
- тендерди жыйынтыгы боюнча узак мөөнөттүү мезгилге юридикалык компанияларды тандоо менен келишимдерди түзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Комиссиянын курамына киргизүү үчүң тийиштүү лицензиясы бар сатып алуулар боюнча адистин талапкерлигин Борборго берсин;
- тандалган юридикалык компаниялардын юридикалык кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө финансалык каражаттарды кароочу «Кыргыз Республикасынын 2014 – жылга республикалык бюджети жана 2015-2016 – жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын добоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынынө Өкмөтүнө киргизсин;
- түзүлгөн келишимдерге ылайык «Соттун жана башка соттук жолжоболорун чечимдерин аткаруу» деген 26630 берене боюнча юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөсүн.
3. Министрликтердин, администрадивдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринине төмөнкүдөй жеке жоопкерчилик жүктөлсүн
- Комиссиянын ишине катышуу үчүн;
- ушул буйруктан келип чыккан маселелер боюнча Борбордун жана Комиссиянын жетекчисинин тапшырмасын өз убагында аткаруу үчүн
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |