Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-марты № 354
Калың жааган кардын натыйжасында айыл чарба малы тоютсуз калган республиканын бийик тоолуу райондорундагы малчыларга жардам көрсөтүү максатында жана малдын кырылуу коркунучуна байланыштуу:
1. Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Карашев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Дүйшеев Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы; |
Исмаилов У.Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору; |
Алымбеков Д.К. | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Азыранкулов А.Ж. | - | Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Разаков Ж.Б. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Жээнбеков С.Ш. | - | Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Турсунбаев А.А. | - | Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Абулгазиев М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; |
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары. |
2. Комиссия үч күндүк мөөнөттө жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуш киргизсин.
3. Комиссия зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Премьер-министр | О. Бабанов |