Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 27-августу № 355-б
Кыргыз Республикасынын баңгазатгарды контролдоо боюнча органдарындагы ак ниет жана үлгүлүү кызматы үчүн, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун урматына:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизатгарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төмөнкү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Мадяров Тимур Мысырович
| эл аралык кызматташуу, коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш боюнча кызматтын начальниги, бангизаттарды контролдоо кызматынын подполковниги; |
Карабаев Рахманали Камытович
| мобилдик ыкчам топтор башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери, бангизаттарды контролдоо кызматынын подполковниги. |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталарын даярдоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Бангизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын каражатгарынын эсебинен ишке ашырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |