Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 9-октябры № 778
Ашхабад шаарында, Түркмөнстан, 2012-жылдын 15-16-октябрында болуучу КМШга катышуучу мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын VII форумуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Раев Султан Акимович | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, делегациянын башчысы;
|
Отунбаева Роза Исаковна | - Кыргыз Республикасынын КМШнын гуманитардык кызматташуусунун мамлекеттер аралык фондусунун башкармасындагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
|
Нематова Иннават Бакировна | - Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
|
Кудаяров Дуйше Кудаярович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
|
Казаков Данияр Болушевич | - Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору;
|
Бегалиев Муратбек Акимович
| - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
|
Баитова Гүлмира Мусаевна | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинин дарылоо бөлүгү боюнча директорунун орун басары;
|
Бөкөнбаев Кулубек Жоомартович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти;
|
Бардинова Нуржан Арзыкуловна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
|
Тузов Александр Леонидович | - "Вечерний Бишкек" газетасынын башкы редакторунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Кириленко Анна Васильевна | - "Биом" экологиялык кыймылы кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Назира Аалы кызы | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын маданий-агартуу редакциясынын продюсери (макулдашуу боюнча);
|
Шыгаев Юристанбек Абдиевич | - Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт искусствосу музейинин директору;
|
Ырысов Кеңешбек Бакирбаевич | - Кыргыз Республикасынын Медицина академиясынын нейрохирургия кафедрасынын башчысы;
|
Бирназаров Темир | - "Тазар" кинокомпаниясынын көркөм жетекчиси (макулдашуу боюнча).
|
2. Командировкалык чыгымдарды, ошондой эле катышуучулардын жашоосу жана авиаучуулары менен байланышкан чыгымдарды төлөө түркмөн тараптын жана Гуманитардык кызматташуунун мамлекеттер аралык фондусунун эсебинен жүргүзүлөт.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |