Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 15-августу № 332-б
Кыргыз элинин ойчулдары Сарт аке менен Тилекмат акенин туулган күнүнүн 200 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды өткөрүүгө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |