Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 3-сентябры № 374-б
Кыргыз Республикасында 2014-жылдын 8-14-сентябрында "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалын өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды өз убагында даярдоону камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча) "Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары" туристтик фестивалынын алкагында Ысык-Көл районунун "Кырчын" жайлоосунда боз үйлөр шаарчасын уюштурууга катышышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине боз үйлөр шаарчасын уюштуруу иштерине катышууга байланыштуу чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин, резервдик фонддордун эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашыруу сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү белүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |