КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 21-ноябры № 860
М.А.Токтогулов жөнүндө
1. Токтогулов Мирбек Акматович келишим шарттарында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эки жуманын ичинде "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору менен эмгек келишимин түзсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |