Редакцияот 17.09.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 17-сентябры № 307-б

Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өнүктүрүүго кошкон орчундуу салымы, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык Тынчтыкты орнотуу Күчтөрү менен "Бузулгус боордоштук-2014" биргелешкен машыгуусун пландоодо жана өткөрүүдө тапшырылган милдеттерди аткаруудагы аракеттери жана жоопкерчилиги учун, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышсын:

 

Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович

-

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

Исакулов Дүйшөнбек Бапанович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн даярдык башкармасынын дене-бой даярдык жана спорт бөлүмүнүн начальниги;

Аманов Өмурбек Миталипович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскердик автомобилдик инспекциясынын начальниги;

Каракозуев Изатбек Мамбетжумаевич

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы оперативдик башкармасынын аскердик-топографиялык кызмат бөлүмүнүн начальниги

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев