Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 24-октябры № 496
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясынын Түштүк региондук башкармалыгынын начальнигинин ээлеген кызматынан бошотулушунун негиздүүлүгү жөнүндө маселени изилдөө максатында төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Абдыллаев Б.А.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти, комиссиянын жетекчиси. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Э.Б.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Акматов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги; |
Махаммадов А. | - | Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Бахапов М.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча региондор аралык мамлекеттик эмгек инспекциясынын начальниги. |
2. Комиссия эки күндүк мөөнөттө жерине баруу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясынын Түштүк региондук башкармалыгынын начальнигинин ээлеген кызматынан бошотулушунун негиздүүлүгү жөнүндө маселени изилдесин жана Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министринин милдетин аткаруучуга сунуштарды киргизсин.
3. Комиссиянын жетекчисине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. (*) Ош шаарына командировкага 2011-жылдын 25-26-октябрында жиберилет.
5. Командировкалык чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |