Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 20-июну № 318
Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарындагы Самат атындагы орто мектептин имаратын авариялык абалга алып келген себептерди аныктоо жана аны андан ары пайдалануу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Үмөталиев С.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы; |
Атамбеков Ш.А. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин капиталдык курулуш жана ремонттоо башкармалыгынын начальниги; |
Ботоев А. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Мамбетов Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Марипов У.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Осмонов Г.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Ташболотова М.Ж. | - | Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; |
Шадиев З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын Лейлек району боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Шаимбетов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти. |
2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө жерине баруу менен Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаарындагы Самат атындагы орто мектептин имаратын авариялык абалга алып келген себептерди иликтесин жана иштин жыйынтыгы боюнча аны андан ары пайдалануу, ошондой эле курулуш нормаларын бузууга жол берген адамдарга карата жаза чарасын колдонуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө төмөнкү укуктар берилсин:
- белгиленген тартипте ишке министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартууга;
- иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан керектүү маалыматтарды сурап алууга.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жана транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |