Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 24-сентябры № 417-б
1. Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине, Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансылык агенти катары (макулдашуу боюнча) жогоруда аталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |