Редакцияот 18.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 18-апрели № 160

Кыргыз Республикасынын төмөнкү райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары белгиленген тартипте дайындалганга чейин төмөнкү кызмат адамдарына мамлекеттик администрациялардын башчыларынын - акимдердин милдеттерин аткаруу жүктөлсүн:

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Чокморов Болотбек Секшенбешовичке Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин милдеттерин аткаруу;

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Тентимишов Жумагул Ражаповичке Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин милдеттерин аткаруу;

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Дүйшөбаев Бектеналы Бошкоевичке Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин милдеттерин аткаруу;

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу Чыналиев Рапил Анарбековичке Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин милдеттерин аткаруу;

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Сагымбаев Бектур Абдыразаковичке Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин милдеттерин аткаруу;

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Айымбетов Шадыкан Аликеевичке Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин милдеттерин аткаруу;

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басарынын милдеттерин аткаруучу Дүйшеев Мамадали Айбашевичке Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин милдеттерин аткаруу.

 

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев