Редакцияот 28.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 28-июну № 303

Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамынын урматына жана өз кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен төмөнкүлөр сыйлансын:

 

Батуев Н.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Каракол шаардык куткаруу кызматынын тобунун командири;

Жанибек уулу М.

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Жалал-Абад шаардык куткаруу кызматынын тобунун командири;

Жумаев Р.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башкы адиси;

Насирбаев Т.Ж

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин Ош шаарындагы N 12 өрткө каршы бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчүсү;

Светашев К.Ю.

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборунун ширетүүчүсү.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Андашев А.О.

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин "Итагар" кар көчкүлөр станциясынын начальниги;

Төрөкулов Н.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун 86123 аскер бөлүгүнүн издөө-куткаруу отрядынын штабынын начальниги;

Шарипов К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын алдындагы куткаруу отрядынын 3-бөлүмүнүн командиринин орун басары.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев