Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 24-июлу № 108
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 23-июлундагы тапшырмасына ылайык, "Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-июлундагы № 459 токтомунун долбоорун макулдашуу жол-жобосун жүргүзүү жагдайын аныктоо максатында:
1 Төмөнүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Айтмурзаев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр, комиссиянын төрагасы, |
Темирбоеа A.M.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары,комиссиянын төрагасынын орун басары, |
Абдылдаева А.С.
| - Өкмөтүнүн Аппаратынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы, |
Иминов М.С.
| укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы, |
Кайназаров Р.Д. | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы, |
Скобеев Е.Л.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоону, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысынын орун басары |
2. Комиссия бир жумалык мөөнөттө жогоруда аталган маселе боюнча кызматтык териштирүү жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча маалымкат даярдасын жана аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |