Редакцияот 19.10.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2009-жылдын 19-октябры № 150

Ишкер Ю.Н.Волковдун Бишкек шаарындагы Мир проспекти – Ахунбаев көчөсү боюнча аялдама комплексин (мындан ары - комплекс) базуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө ишкер Ю.Н.Волковдун арызын кароо үчүн;

1.Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

 

Абдыкадыров Э.М.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орунбасары, комиссиянын жетекчиси,

Бекташев Э.Б.

- Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча),

Кубатбеков Ч.К.

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин архитектура жана инженердик изилдөлөр бөлүмүнүн начальниги,

Абдуразаков К.А.

- Бишкек архитектура жана шаар курулушу башкармалыгынын начальнигинин биринчи орун басары,

Бейшенбаев Р.К.

-Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги

 

2. Комиссия көрсөтүлгөн комплексти бузуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2009-жылдын 25-октябрына чейинки мөөнөттө корутундусун киргизсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчиси-министр

 

Н.Айтмурзаев