Редакцияот 23.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 27-октябры № 475-б

Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«- Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-январына карата жыл сайын жүргүзүшсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго инвентаризациялоонун жыйынтыгын кагаз жанаэлектрондук форматта жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-февралына чейин беришсин.».

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев