Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2014-жылдын 17-ноябры № 230
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык комиссиялары жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн
Халитов Михаил Гилфанович
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Есеналиев Максат Кульчороевич
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
|
Бекташев Кубанычбек Джумаевич
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти; |
Алиева Назиля Адылевна
| -Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзамдын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси;
|
Оторов Жолдошбек Курманбекович
| -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын ченемдик укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча);
|
Молдокматов Алмазбек Молдокматович
| -Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын бөлүм начальниги |
Матисаков Каныбек Анарбекович | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашту Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси.
|
2. Жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө Администрациялык комиссиялар жөнүндө жобонун жогоруда аталган долбоорун иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "'Жергиликтүү мамлекеггик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык комиссиялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун тийиштүү долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4 .Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтуү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр | Н.С.Момуналиев |