Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-декабры № 544-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрин жогоруда аталган Макулдашуугу принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
|
| |||||
| Кыргыз Республикасынын биринчи вицe-премьер-министр Премьер-Mинистрдин милдетин аткаруучу | Т.Д.Сарпашев |
| |||
| ||||||
Расмий эмес котормо
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу), достук мамиледеги эки өлкөнүн ортосундагы маданият жана башка өз ара байланыштагы тармактар жаатындагы өз ара кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү жана чыңдоону каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты маданий жумалыктарды, сүрөт искусствосунун көргөзмлөрүн уюштуруу, артисттерди, театралдьгк жана музыкалык жамаатгарды жиберишүү аркылуу колдошот жана чындашат.
2- берене
Тараптар маданий маалыматтарды, жарыялоолорду, брошюраларлы жана суреттерду алмашат, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин улуттук китепканаларынын ортосундагы кызматташтыкты кецейтишет. Тараптар ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин аймагында еткерулуучу китеп кергезмелеруне-жарманкелерине улуттук китепканалардын жана тиешелуу уюмдардын катышуусук. кецейтишет.
3- берене
Тараптар алардын маданияттарын өнүктүрүү менен байланышкан адабий, маданий жана көркөмдүк акыркы иштерди которуу менен алектенишет. Тараптардын мамлекеттеринин улугтук мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайьгк Тараптар автордук укуктарды сакташат.
4- берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу максатында Тараптар Бирдиктүү комиссияны (мындан ары - "Комиссия") түзүшөт, анын курамына Тараптардын өкүлдөрү кирет. Ар бир Тарап Комиссияга өзүнүн окүлүн жана анын орун басарын дайындайт жана бул тууралуу расмий каналдар боюнча экинчи Тарапка маалымдайт.