Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-декабры № 545-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Жаштар иштери жана спорт боюнча башкы башкармалыгынын ортосундагы Дене тарбия жана спорт жагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мунөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министри Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Т.Д.Сарпашев |
Долбор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Жаштар иштери жана спорт боюнча башкы башкармалыгы (мындан ары - Тараптар) спорт жагындагы кызматташуу жөнүндө ниетин билдирүү менен өз ара пайдалуу шарттарда узак мөөнөттүү кызматташтыкты алдыга илгерилетүүнү жана тереңдетүүнү каалап, ошондой эле спорт жагындагы кызматташуу өз ара пайдалуу таламдарга көмөк көрсөтү тургандыгын ырастап, төмөнкүлөр жөнүдө макулдашты:
1-берене
Тараптар дене тарбия жана спорт жагындагы кызматташтыкты Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарында колдонулган улуттук мыйзамдарга ылайык чындашат жана өнүктүрүшөт.
2- берене
Тараптар эл аралык спорттук иш жагындагы кызматташтыкты маалыматтарды алмашуу жана эл аралык спорттук мелдештерге катышуудагы тажрыйбалар аркылуу өнүктүрүшөт.
3- берене
Тараптар өз ара кызматташтыкты жана өнүктүрүүнү чындоо үчүн улуттук курама жана спорттук клубдардын арасындагы тажрыйбаларды алмашат.
4- берене
Тараптар өздөрүнүн спортчуларынын даярдыгынын жана таймашуусунун деңгээлин жогорулатуу максатында, экинчи Тарап өткөрө турган көп тараптуу спорттук мелдештерге катыштыруу үчүн аларга көмөк көрсөтүшөт.
5- берене
Тараптар эки өлкөдө өткөрүлүүчү машыктыруу курстарынан өтүү үчүн чакырууларды алмашат.
6- берене
Тараптар илимий изилөөлөрдүн жыйынтыктары, дене тарбия жана спорт, заманбап илимий жана спорттук жабдууларды, каражаттарды пайдалануу жагындагы соңку жетишкендиктердин негизги багыттарын алмашат.
7- берене
Тараптар дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жөнүндө жалпыга бирдей маалымдуулукту кеңейтүү максатында спорттук журналистика жагындагы кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
8- берене
Эки өлкөнүн спорттук делегацияларын алмашуу төмөнкүдөй финансылык шарттарга ылайык жүргүзүлөт:
1. Эки өлкөнүн кызматкерлеринин визиттеринин алмашуулары даректелген чакырууларга ылайык зарыл даярдыктарды керүүгө жана алып жүрүүгө тийиш болгон кабыл алуучу өлкөдө транспорттук чыгымдарды, жайгаштырууга жана жашоого кеткен чыгымдарды ар бир Тарап өзү тарткан шартта жүргүзүлөт.
2. Спорттук командалардын визиттерин алмашуу тийиштүү федерациялар жана клубдар тарабынан эскертилген финансылык шарттарга ылайык жүргүзүлөт.
3. Кабыл алуучу өлкө эки өлкөнүн тилин жакшы билген котормочу берүүгө тийиш.
9- берене
Бул Меморандум Тараптардын өз ара макулдашуусуна ылайык бул Меморандумдун ажырагыс белүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор аркылуу өзгөртүлүшү жана жаңыланышы мүмкүн.
10- берене
Ушул Меморандумдун беренелерин жузөгө ашыруу же чечмелөө процессинде келип чыккан пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечүүгө тийиш.
11- берене
Ушул Меморандум ага кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет. Меморандум 5 (беш) жылга түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири Меморандумдун колдонулушун токтотууга ниеттенгендигин жогоруда аталган мөөнөт аяктаганга чейин кеминде 6 (алты) ай калганда дипломатиялык каналдар аркылуу жазүү жүзүндө билдирбеген учурларды кошпогондо, кийинки 5 жылдык мезгилге өзүнөн-өзү жаныланат.
Ушул Меморандумга _________шаарында 201____ -жылдын "_____-."___________ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей мааниге ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги | Биринчи Араб Эмираттарынын Жаштар иштери жана спорт боюнча Башкы башкармалыгы |