Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
от 2-декабры 2014-жылдын № 546-р
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Сауд Аравия Королдугунун Жогорку билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүншүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министри Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Долбор | Т.Д.Сарпашев |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Сауд Аравия Королдугунун Жогорку билим берүү министрлиги (мындан ары - "Тараптар") эки өлкөнүн ортосундагы достукту чындоого жана Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы билим берүү жана илимий иштер жаатындагы кызматташтыктын денгээлин жогорулатууга умтулуп. төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1-берене
Тараптар жалпы кызыкчылыкты билдирген бардык тармактарда кызматташтыкты чындоо максатында билим берүү тутумундагы жогорку кызмат адамдарынын. окутуучулардын, изилдөөчүлөрдүн визиттерин, ошондой эле илимий жана билим берүү делегацияларын жиберишүүнү кеңейтишет.
2-берене
Тараптар академиялык жана илим-изилдеөө инстнтуттарынын ортосундагы илимий жана билим берүү түз байланыштарын колдошот жана кеңейтишет.
3-берене
Тараптар жогорку окуу жайлар менен илим-изилдөө уюмдарынын кызматкерлеринин ортосунда илимий-техникалык жана башкаруу чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууну кеңейтишет.
4-берене
Тараптар жалпысынан илимий изилдвв жаатында, ошондой зле езунче алынган тармактарда да кызматташтыкты. биргелешкен изилдвв топторун тузууну жана бул изилдввлврдун жыйынтыктарын алмашууну кенейтишет.
5-берене
Тараптар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында, айрыкча техника жана медицина жаатында окутуучу кадрларды кесиптик даярдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү беришет.
6-берене
Тараптар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда изилдөөлөр жаатындагы, өзгөчө академиялык сертификаттары жана дипломдорду өз ара таануу, бакалаврлардын, магистрлердин жана адистин дипломдорун таануу жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык билим берүү программаларын алмашууну кеңейтишет.
7-берене
Тараптар студенттерди жиберишүүнү алардын мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык стипендияларды жана окуу программаларын берүү. ошондой эле студенттерди жиберишүү боюнча программаларды өнүктүрүү жолу менен кеңейтишет.
8-берене
Тараптар жогорку окуу жайларда студенттерге социалдык-гуманитардык жана инженердик-техникалык (анын ичинде медицина) багытты өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө бардык күчүн жумшашат, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык студенттерди аспирантурага кабыл алуу жол-жобосун жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүшөт.
9-берене
Тараптар лекциялар, семинарлар, китептердин кергезмесү/жарменкеси аркылуу эки өлкөнүн жогорку окуу жайларында илимий/маданий жумалыктарды жана күндөрдү уюштурууну кеңейтишет.
10-берене
Тараптар китептерди, жарыялоолорду, брошюраларды, документтерди, компьютердик программаларды жана жогоркл билим берүүгө жана илимий изилдөөлөргө тиешеси бар башка булактарды алмашууну кеңейтишет.
11-берене
Тараптар боло турган иш-чаралар тууралуу экинчи Тарапка алдын-ала кабарлоо менен жергиликтүү жана эл аралык кеңешмелерге, конференцияларга, симпозиумдарга, илимий жана билим берүү семинарларына катышууну кеңейтишет.
12-берене
Тараптар тийиштүү мекемелердеги архивдерге, кол жазмаларга, тарыхый документтерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, ошондой эле бул тармакта адистерди жиберишүүгө көмөк көрсөтүшөт.
13-берене
Тараптар эки өлкөнүн тилин өнуктүрүүгө жана үйрөнүүгө көмөк көрсөтүшөт.
14-берене
Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин көрүнүктүү илимий жана көркөмдүк иштерин которууну жана жарыялоону колдошот.
15-берене
Тараптар ушул Меморандумду ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, зарылдыкка жараша бири-биринен консультация алууга макулдашат.
16-берене
Тараптар маалыматтарды багыты боюнча пайдаланууга макулдашты. Бир Тараптын экинчи Тарапка берген маалыматы Тараптардын жазуу жузундегу макулдугу жок учунчу тарапка берилбейт.
17-берине
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл колдонулат. Эгерде Тараптардын бири да Меморандумдун колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай калганда Меморандумдун денонсациялоо ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлабаса, Меморандумдун колдонулуу мөөнөтү өзүнөн-өзү кийинки беш жылдык мезгилге узарат.
Ушул Меморандумга 2014-жылдын .________ туура келүүчү 1435-жылдын .__________,. кыргыз. араб, орус жана англис тилдеринде
кол коюлган. Терт нускасы тең окшош. Кайчы пикирлер пайда болгон учурда Меморандумдун англис тилиндеги нускасы артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги учун | Сауд Аравия Королдугунун Жогорку билим берүү министрлиги үчүн
|