Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТИ
БУЙРУК
2008-жылдын 19-февралы № 118
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрында Кыргызстандын калкына кайрылуусунда коюлган Милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 53-пунктун аткаруу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык топ түзүлсүн:
Турганбаев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, топтун жетекчиси;
Азимжанов Н.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча).
Топтун мүчөлөрү
Эрматов С.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти;
Хилоу Х.Ш. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Жазык-процесстик жана оперативдүү-издөө ишмердигин көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын юстиция органдарынын, Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин ишмердиктериндеги мыйзамдуулуктуу көзөмөлдөө боюнча бөлүм начальниги (макулдашуу боюнча);
Момуналиев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мыйзамдар менен иштөө жана соттук практиканы жалпылоо боюнча башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Мурзахалилов К.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Сакелов Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын издөө жана көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги;
Кожобеков А.Э. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин "Н" башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Мунжуров А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын мамлекеттик органдардагы экономикалык тартип бузууларга, кыянаттык менен пайдаланууга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн начальниги;
Бидильдаев М.А. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги;
Осмоналиев К.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы Академиясынын ички иштер органдарынын администрациялык укук жана администрациялык иш-аракеттер кафедрасынын начальниги;
Кожобергенов Н.Р. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргоо, укук коргоо органдарын каржылоо жана мобилизациялык даярдык бөлүмүнүн башчысы;
Абакиров С.К. - Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын укуктук камсыздоо жана көзөмөл ишмердиги бөлүмүнүн башчысы;
Канзаманов Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин оперативдик-издөө бюросунун "А" бөлүмүнүн начальниги;
Тагаев М.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын бөлүм начальниги.
2. Ведомстволор аралык топ бир айлык мөөнөттө кылмыштуулукка (уюшкан) каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ведомстволор аралык топко зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык топтун ишин жалпы уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |