Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылдын 3-апрели № 177
"Кыргызполиграфкомбинат" ачык акционердик коомунун ишмердигин иликтөө максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын адилет министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директорунун орун басары.
2. Комиссия белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө иштин жыйынтыгы жөнүндө маалымат берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл учурларда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын тиешелүү эксперттерин тартууга укук берилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов |