Редакцияот 18.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 18-декабры № 587-б

Баткен облусунун чек арага чектеш райондорун финансылык колдоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен "Лейлек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясына 2014-жылы 5000000 (беш миллион) сом суммасында бюджеттик ссуда бөлүп берсин :

- "Лейлек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясы менен төмөнкү шарттарда карыз милдеттенмесин тариздесин:

кайтаруу мөөнөтү - карыз милдеттенмеси түзүлгөн күндөн тартып негизги сумманы төлөө боюнча 3 (үч) жыл жеңилдетилген мезгил берүү менен, карыз милдеттенмеси түзүлгөн күндөн тартып 10 (он) жыл;

пайызсыз негизде;

мөөнөтү өткөн төлөмдеөр учүн айыптык санкциялар - мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына эсептелинген жылдык 3 (үч) пайыз;

ссуданын негизги суммасын бирдей жарым жылдык төлөмдөр менен төлөөнү караштыруу;

күрөөлүк камсыздоо менен.

2. "Лейлек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- бюджеттик ссуданы максаттуу багыты боюнча гана - "Лейлек"; эркин экономикалык зонасын абаттоого жумшоо;

- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык толук кайтарып берүүнү камсыз кылуу.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев