Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-декабры № 582-б
1. Расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) төмөнкүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ош муниципалдык автотранспорт ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын коомдук транспорту» долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын коомдук транспорту» долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Ош шаарынын коомдук транспорту» долбоору боюнча гранттык элементти эсептөөдө бардык тартылган инвестицияларды эске алсын.
Премьер-министр |
|