Редакцияот 30.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 30-декабры № 626-б

      Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная речка айылынын Маданият үйүнүн базасында «Красная Речка» маалыматтык музей борборун жана Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айылындагы орто мектептин базасында «Ак-Бешим» маалыматтык музей борборун уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 235864 (эки жүз отуз беш миң сегиз жүз алтымыш төрт) сом Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бөлүнсүн.  

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев