Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-февралы № 34-б
Баткен облусунун Лейлек районунда 2015-жылдын 16-январында болгон инциденттин натыйжасында кызматтык милдеттерин аткарууда жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2021-аскер бөлүгүнүн "Айкөл" чек ара тозотунун аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 150000 (жүз элүү миң) сом Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына бөлүнсүн:
- каза болгон Исмаилов Тынчтык Матраимовичтин үй-бүлөсүнө - 100 000 (жүз миң) сом;
- жаракат алган Осмонов Нуркелди Рустамовичтин үй-бүлөсүнө - 50 000 (элүү миң) сом.
Премьер-министр |
|