Редакцияот 22.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 22-майы № 173

Аскердик кызматтын милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төмөнкү аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:

Айжигитов Алмазбек Тургунбаевичке

-

2023-аскер бөлүгүнүн кызматынын начальниги, майор;

Сыдыков Өмүрбек Сыртбаевичке

-

2028-аскер бөлүгүнүн "Кара-Сай" чек ара кызматынын бөлүмүнүн начальниги, капитан;

Сакеев Алымбек Замирбековичке

-

2051-аскер бөлүгүнүн тобунун командири, улук лейтенант.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төмөнкү аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлансын:

Суходольских Павел Анатольевичке

-

Чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын бөлүмчөсүнүн начальниги, подполковник;

Жоробаев Кылычбек Байботоевичке

-

2022-аскер бөлүгүнүн "Зардалы" чек ара тозотунун начальниги, капитан;

Рашидова Умидаход Абдимажитовнага

-

2022-аскер бөлүгүнүн "Капчыгай" чек ара тозотунун фельдшери, прапорщик.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев