Редакцияот 29.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 29-июну № 294-б 

«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык:

1. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын жалпы узундугу 750 метр болгон Чагыр - Октябрь автомобиль жолу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолун ыкчам башкарууга кабыл алсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолун республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде капиталдык ондоону жана күтүүнү камсыз кылсын.

3.  Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев