Редакцияот 01.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР

БУЙРУК

2015-жылдын 1-июлу № 281 

Кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төмөндөгү кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:

 

Омуралиев Кенжебек Боскоевичке

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун кафедра башчысына, капитан;

Төлөмүшов Акылбек Жанышовичке 

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынын үчүнчү издөө-куткаруу тобунун куткаруучу-нускоочусуна, прапорщик;

Сатыкулов Шарабидин Токтобековичке

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу. боюнча башкармалыгынын башкы адисине;

Темиралиев Исламбек Темиралиевичке 

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң районунун башкы адисине;

Акунов Амангелди Маматазимовичке 

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун геомаалыматтык система бөлүмүнүн башчысына.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төмөндөгү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин баалуу белеги (энчилүү кол сааты) менен сыйлансын:

 

Кельдибеков Тариел Каримбекович

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борборунун башчысы;

 

Ниязалиев  Султанбек  Шекербекович

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин атындагы Кыргыз курулуш, транспорт архитектура "Өрт кафедрасынын башчысынын орун басары;

 

Юсупов Азизбек Кулназарович

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын кинология тобунун командири, прапорщик.

 

  Премьер-министр

Т.А. Сариев