Редакцияот 06.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 6-июлу № 310-б

 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун арызынын негизинде 2012-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын көлөмү 4200 см3, кыймылдаткычынын № IHZ/0697563, шассисинин № JTFLB71J8C8032571, "Тойота Ленд Крузер LX WGN DSL, HZJ76L- RKM SV" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы режиминде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашинаны мамлекеттин менчигине кабыл алсын;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашинаны Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жалпы дарыгердик практика борбору ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашинаны белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык наркын бааласын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев